Site icon Reporter.kg

Кытайдын ЖОЖдоруна бюджеттик окууга өткөн 10 бүтүрүүчүнүн тизмеси

Кыргызстандын 10 жараны 2023-2024-окуу жылына карата ШКУнун стипендиялык программасынын алкагында Кытайдагы жогорку окуу жайларында билим алууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Стипендия ээлеринин тизмеси:

1. Елизавета Энова – Шанхай эл аралык изилдөө университети;

2. Нуркыз Кенжетаева – Шанхай эл аралык изилдөө университети;

3. Рената Касымакунова – Тяньцэинь университети;

4. Бегимай Садиева – Пекин тил жана маданият университети;

5. Сажида Расулова – Фудань университети;

6. Наира Мамыралиева – Фудань университети;

7. Айдана Болотбекова – Пекин тил жана маданият университети;

8. Нурланбек кызы Мээрим — Чыгыш Кытай илим жана технология университети;

9. Мираида Даниярова — Тяньцэинь педагогикалык университети;

10. Альбина Абазова – Пекиндеги чет тилдер университети.

4-июлда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн кыргызстандык стипендианттардын тизмесин тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version