Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кытайдын Сычуань провинциясынан келген курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жолугушууда шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, жаңы кичи райондорду куруу боюнча кызматташуу маселелери талкууланган.
Кытайлык курулушчулар шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү, административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган конуштарды өнүктүрүүгө салым кошууга даяр экенин билдирген.