Site icon Reporter.kg

Кытайлык ишкана Кыргызстанга айыл чарба техникаларын берди

Кытайлык “Цюаньибао” ишканасы Кыргызстанга баасы 1 млн 120 миң доллар болгон жасалма жамгыр жаадыруучу жана зыянкеч курт-кумурскаларды жок кылуучу айыл чарба техникаларын гранттык негизде берди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, грант айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин Кытайдын Үрүмчү шаарына болгон иш сапары учурунда берилген. Анда министр бир канча ири кытайлык компаниялардын жетекчилери менен жолугушкан.

Жолугушууда маалыматтык технологиялар тармагында иш алып барган “Цюаньибао” ишканасы менен «Кыргыз Агрохолдинг» ишканасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө документке кол коюлган.

Ошондой эле Бакыт Төрөбаев “Кытай-Кыргыз Кайюань өнөр жай өнүктүрүү (Синьцзян) Лтд.” ишканасынын өкүлдөрү менен жолугуп, Чүй облусунда курула турган “Азия-Европа алтын жол” эл аралык бажы-логистикалык паркынын долбоору тууралуу сүйлөшкөн. Долбоорго 30 млн доллар өлчөмүндө инвестиция салуу пландалган.

Мындан тышкары министр үрөн өндүрүү, мал чарбачылыгы жана багбанчылык тармагында иштеген Кытайдын алты компаниясынын жетекчилери менен жолуккан.

 

Exit mobile version