Site icon Reporter.kg

Кытайлык компания Ысык-Көлдө мейманкана курат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын компанияларынын жана уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Бээжинде өтүп, анда келечектеги долбоорлор жана кызматташтык талкууланган.

Сүйлөшүлгөн маселелердин ичинде Ысык-Көлдүн Барскоон айылында мейманкана куруу долбоору бар. Аны кытайлык өнөктөштөрдүн катышуусунда салуу пландалууда.

Министрлик белгилегендей, аталган долбоор Кыргызстанга кошумча туристтерди жана бизнес-өнөктөштөрдү тартат, туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө түрткү берет.

Азырынча мейманкананы кайсы кытайлык компания салары, ага канча акча жумшалары тууралуу маалымат жок.

Exit mobile version