Site icon Reporter.kg

Кыяс Молдокасымов: Садыр Жапаровдун жетинчи атасы хан болгон

Белгилүү тарыхчы, илимпоз Кыяс Молдокасымов президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ата-теги тууралуу кыскача изилдөөсүн жарыялады.

Ал анда Садыр Жапаровдун жетинчи атасына чейин токтолгон.

Изилдөөдө Садыр Жапаровдун жетинчи атасы Жамангул уулу Белек ХYII кылымдын аягында Ысык-Көл элине хан көтөрүлгөнү, анын тукуму бий, болуш болгонун жазган.

Ошондой эле тарыхчы Жапаровдун жотосунун — бешинчи атасынын сөөгү Жалал-Абадга коюлганын да жазган. 

 Кыяс Молдокасымов изилдөөсүнө документтерди тиркеп, далил келтирген. 

Exit mobile version