Site icon Reporter.kg

Күч түзүмдөрүндө иштегендердин пенсиясы орточо 1,8 миң сомго көбөйтүлөт

Күч түзүмдөрүндө иштеп пенсия чыккан жарандардын акчасын көтөрүү пландалууда. Тиешелүү жарлыктын долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документке ылайык, күч түзүмдөрүндө иштегендердин пенсиясы орточо 1,8 миң сомго көбөйтүлөт. Жыйынтыгында алардын орточо пенсиясы 18,3 миң сомду түзүп калат. Ошол эле учурда пенсияга чыгып, бирок иштеп жаткан аскер, милиция жана башка күч түзүмдүн кызматкерлеринин пенсиясы көтөрүлбөйт.

Жарлыкка кол коюлгандан кийин алардын пенсиясы октябрдан айынан тарта көбөйтүлөт.

Exit mobile version