Site icon Reporter.kg

Кызды апасы менен тааныштырганы чакырып барып зордуктоого шектелген адам акталды

Кочкор районунда тааныш кызын апасы менен тааныштырам деп эрчитип келип, үйүндө зордуктап койгон шектүү акталды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайттында жарыяланды.

Белгилүү болгондой, шектүү жабырлануучуну унаасына салып, үйүнө алып барып, ал жактан уруп сабап, денесине жаракат келтирип, анын алсыз абалынан пайдаланып жыныстык катнашта болгон деп айыпталып жазык иши сотко берилген.

Соттук отурумунда айыпталуучу Улук (О.У.Ж. аты өзгөртүлдү) күнөөсүн мойнуна алып, жабырлануучу менен мурдатан үйлөнөйүн деп сүйлөшүп жүргөнүн, ошол күнү апасы менен тааныштырайын деп алып барып, апасы үйүндө жок болуп калгандыктан, аны менен жыныстык катнашта болуп бүткөндөн кийин экөө өз ара уруша кетип, мастыгы менен аны жаака чаап жибергенин айтып, ага үйлөнөөрүн билдирген.

Жабырлануучу тосмо арызы менен кайрылган. Арызында айыпкер Улук кылган күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурагандыктан, аны кечиргенин жана мурдатан эле мамилелеш болуп жүргөнүн билдирген. Ошондой эле ызаа болгонуктан, ага таарынып арызды туура эмес берип койгонун, эч кандай дооматы жок экенин айтып, аны жеке ачык айыптоодон баш тартарын билдирген.

161-берененин 1-бөлүмү менен айыпталган Улук жазык иши боюнча жабырлануучу менен элдешкендиктен, Кочкор райондук соту аны жоопкерчиликтен бошотуп, жазык ишин өндүрүштөн кыскарткан.

Exit mobile version