Site icon Reporter.kg

Кызды уурдап, сабап, багажникке катып койгон эки жигит кармалды

Адам уурдоого шектүүлөр кармалды, деп билдирди 17-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Сокулук районунун 30 жаштагы тургуну Бишкектин 26 жаштагы тургуну менен мамиледе болгон.

16-май күнү кечки саат жети жарымдар чамасында жигит өзүнүн 25 жаштагы досу менен сүйлөшкөн кызына келишкен. Кыз алардын унаасына отуруп, алар Бишкектен «Манас» аэропортуна кетүүчү айланма жолду көздөй бет алышкан.

Анда кыз жигити менен уруша кетип, жигит аны сабап салган. Андан соң досу экөө кыздын колун скотч менен байлап, башка жакка алып кетүү үчүн багажга салып коюшкан. Жергиликтүү тургундардын жардамы менен кылмышка шектүүлөр кармалып, кыз аман калган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси («Адам уурдоо») менен каттоого алынган. Кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган А.М., жана 2000-жылы туулган Р.И., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version