Кызганычтан күйөөсүнө коронавирус жуктурууну көздөгөн аялга иш козголду — сүрөт

Кызганычтан күйөөсүнө коронавирус жуктурууну көздөгөн аялга иш козголду — сүрөт

Түркияда коронавируска чалдыккан аял кызганычтан улам күйөөсүнө дагы илдет жугузууга аракет кылган.  Бул тууралуу Hurriyet Daily News басылмасы жазып чыкты. 

Мустафа И.О. аттуу кишинин дарыгер болуп иштеген аялы коронавируска чалдыккан.  Аны күйөөсү карап, кам көрүп жүргөн. Бирок Мустафанын коронавируска тапшырган тесттери таза чыккан. 

Күндөрдүн биринде Мустафага карындашы чалып, экөө көпкө сүйлөшүп калган, аны ойношу менен сүйлөшүп жатат деп ойлогон аялы күйөөсүнө кол салган. Ага да илдет жугузууну көздөп, бетине түкүрүп, денесин тиштегилеп, күйөөсүнүн оозуна колун да салууга аракет кылган.   

Мустафа өз аялынын үстүнөн укук коргоо кызматына арызданган. Ал арызында аялы ага буга чейин дагы кордук көрсөтүп сабап келгендигин айткан.

Мустафа бул ишти аягына чыгарууну көздөп жатат, анткени үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жалгыз гана аялдар эле эмес эркектер дагы кабылаарын айткан.

Аялынын кол салуусунан кийин Мустафа дагы бир нече жолу коронавируска тест тапшырган, бирок тилеке жараша баары илдет жок деген жыйынтык чыгарып берген. 

[su_image_carousel source=»media: 52391″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>