Site icon Reporter.kg

Күздөгү шайлоодо Бишкек, Ошто ат салыша турган мандаттардын саны көбөйөт

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын санын көбөйтүү сунушталууда. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.

Өлкөдөгү административдик-аймактык реформага байланыштуу Бишкек, Ош жана айылдык кеңештердеги мандаттардын санын ал аймактын тургундарынын санына карата бекитүү киргизилүүдө.

Марлен Маматалиев төмөнкү өзгөрүүнү сунуштайт:

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев калаа кеңейгенден кийин анын калкынын саны 2 миллионго жетерин айткан. Демек шаардык кеңештин депутаттарынын саны алтыга көбөйөт.

Белгилей кетсек, күзүндө бардык аймактык кеңештер мөөнөтүнөн мурда таркатылып, өлкө боюнча ири шайлоо өтөт.

Күзүндө жергиликтүү кеңештердин баарына шайлоо өтөт

 

Exit mobile version