Site icon Reporter.kg

Кызмат талашып мушташа жаздаган Суваналиев жана Иманкулов – видео

Интернетке Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев менен  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы орун басары Марат Иманкуловдун жаңжалдашып жаткан  видеосу тарады.

Тасмада алар кандайдыр бир маселе менен жаңжалдашып мушташып кете жаздашкан.

Аларды ажыратып жаткан дагы бир генерал Артур Медетбековдун “койчу эми кызмат талашып уят болбочу дегенин” угууга болот.

Генералдар кандай маселени же кайсы кызматты талашып жаңжалдашканы азырынча белгисиз.

Exit mobile version