Site icon Reporter.kg

Кызматтан алынган Бейшеналиевдин ордуна министрдин милдетин аткаруучу дайындалды

Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы  билдирди.

Дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралат.

Эскерте кетсек, 2023-жылы сентябрдан тарта Саламаттык сактоо министрлигин экинчи жолу жетектей баштаган Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 3-февралда кызматтан бошотулган.

Эркин Чечейбаев 2018-2020-жылдары саламаттык сактоо министринин орун басары болуп иштеген.

Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетти

Exit mobile version