Site icon Reporter.kg

Төрт министрдин ордуна милдетин аткаруучулар дайындалды

Президент Садыр Жапаров кызматтан алынган төрт министрликтин башчыларынын ордуна министрдин милдетин аткаруучу кызматтарга дайындоо жасады.

Президенттин жарлыгына ылайык, энергетика министри кызматынан бошотулган Доскул Бекмурзаевдин ордуна анын орун басары Таалайбек Ибраев энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Таалайбек Ибраев

Билим берүү жана илим министри кызматынан алынган Алмазбек Бейшеналиевдин ордуна Уланбек Мамбетакунов министрдин милдетин аткаруучу болду.

Уланбек Мамбетакунов

Азамат Жаманкуловдун ордуна маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткарууга Алтынбек Максүтов дайындалды.

Алтынбек Максүтов

Ошондой эле Тилек Текебаев транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болду. Ага чейин бул кызматты Эркинбек Осоев ээлеп келген.

Тилек Текебаев

Министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалгандардын талапкерлиги макулдашуу үчүн Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version