Site icon Reporter.kg

Кыргыз мигранттарынын метродогу сүрөтүн тарткан фотограф каза болду

Орусилык фотограф Дмитрий Марков 41 жашында каза тапты. Анын өлүмүнүн себеби азырынча белгисиз.
Ал 2018-жылы метродо уктап жаткан кыргыз мигранттардын сүрөтүн жарыялаган. Бул эмгеги коомдо кызуу талкуу жараткан.
Дмитрий Марков өзү кыргызстандык жумушчуларга басым жасоо ою болбогонун, болгону метродогу атмосфераны чагылдыргысы келгенин айткан.
Бул сүрөттү кыргыз миграциясынын символу катары дагы сыпатташат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version