Site icon Reporter.kg

Кызы-Кыяда 40 млн сомго муниципалдык базар курулат

Баткендин Кызы-Кыя шаарында муниципалдык базар курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алулар порталында айтылат.

Муниципалдык базарды 40 млн сомго салууга пландалууда.

Сынак шаардык мэрия тарабынан жарыяланган. Арыздар 29-сентябрга чейин кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version