Site icon Reporter.kg

Кызыл Ай коому Ошко желим бөтөлкөлөр үчүн 30 урна белек кылды

Ош шаарына 30 даана желим бөтөлкөлөр үчүн атайын урналар орнотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабаралашты.

Маалыматка караганда, урналар Кызыл Ай коому тарабынан айлана-чөйрөгө кам көрүү багытында, шаар үчүн  белек катары берилген.

Берилген урналар Сулайман-Тоо, Амир Темур, Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыктарына бөлүнүп берилген. Мындан тышкары, эс алуу жайларга, калк жыш жайгашкан аймактарга да орнотулат.

Exit mobile version