Кызыл-Кыяда адам өлтүрүп качып бараткан адам кармалды

Кызыл-Кыяда адам өлтүрүп качып бараткан адам кармалды

Кызыл-Кыя шаарынын 36 жаштагы тургунун өлтүргөн шектүү Бишкек шаарына качып бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

12-июнь күнү эрте мененки жетилер чамасында шаардагы Пионер көчөсүндө эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө топ, маркумга учтуу нерсе бир канча жолу сайылганын, денесинде жарааттардын бар экенин аныкташкан.

Бул факты Жазык кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө башталган.

Бул кылмышка шектүү катары өткөн жылдын сентябрь айынан бери издөөдө жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын 46 жаштагы тургуну из жашыруу максатында Бишкек шаарына жөнөгөн жеринен Кызыл-Кыя шаарындагы автобекеттен кармалган.

Маркумдун денесиндеги жарааттарды аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган,  шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилген.
[su_image_carousel source=»media: 34772,34773″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>