Site icon Reporter.kg

Кызыл-Кыяда окуучуларды тоноп жүргөн 17 жаштагы бала кармалды

Кызыл-Кыя шаарында окуучуларды коркутуп, тоноп жүргөн 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин милиция кызматкерлери 24-октябрдан 26-октябрга чейинки аралыкта “Антирэкет” иш-чарасын уюштуруп, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында бир топ иштерди жүргүздү.

Билим берүү мекемелеринде билим алып жаткан окуучулар менен жолугушуулар уюштурулуп, дүкөндөрдө кайыр сурап жүргөн жарандар менен түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Ошондой эле мурда катталган кылмыштардын бетин ачууга балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери топторго бөлүнүп, 21-сентябрда катталган арыздын негизинде иликтөө иштерин жүргүзүп, изин жашырып жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын 17 жаштагы М. аттуу тургунун кармашкан.

Кармалган жаран 2022-жылдын сентябрь айларынын аягында Кызыл-Кыя шаарында жаш өспүрүмдөрдү тоноп, акчаларын, телефондорун алып жүргөндүгү боюнча 4 факт катталган.

Учурда тергөө иши уланып,  тонолгон буюмдар ээлерине кайтарылып берилди.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version