Site icon Reporter.kg

Кызыл-Кыяда соодагерлерди 600 миң сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында аял киши алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, кармалган аял шаардагы Таштемир-Ажы базарындагы соодагерлерден товар алып, «акчасын алып келип берем» деп алдап кеткен деп шектелүүдө. Алдамчылык фактылар быйыл январь-февраль айында болгон.

Аялдын үстүнөн милицияга 8 жаран арыз жазган. Бул факттар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Алданган адамдарга 600 миң сом зыян келтирилген.

Милиция бул ишке шектүү катары Жалал-Абаддын Аксы районунун 34 жаштагы У.М. аттуу тургунун кармады.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version