Баткендин Кызыл-Кыя шаарында автоээнбаштык жасаган айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Буга чейин соцтармактарга Mercedes-Benz’тин айдоочусу шаар көчөлөрүнүн биринде унаасын чимирилте айдап, жол эрежесин бузганы тартылган видео чыккан.
Жол тескөөчүлөрү айдоочуну таап, 15 миң сом айып салган. Унаасы айып короого коюлган.