Site icon Reporter.kg

Кызыл-Кыяда жол кырсыктан 4 адам көз жумду

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыктан 4 адам көз жумду. Бул тууралуу облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жол кырсык 18-октябрга караган түнү болжол менен саат 02:50до болгон. Ош – Баткен – Раззаков жолунда «Мерседес-Бенц W211» унаасы менен бараткан 29 жаштагы айдоочу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, «Хонда Степвагон» менен сүзүшкөн. Жол кырсыктын айынан 4 адам каза болуп, дагы 4 киши ооруканага түшкөн.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Exit mobile version