Site icon Reporter.kg

Кызыл-Кыядагы шахтада бир адам каза болду

Кызыл-Кыя шаарындагы көмүр шахтада бир адам каза болду. Бул тууралуу 20-майда ӨКМдин басма сз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Козу айылында жайгашкан көмүр шахтасында 1988-жылы туулган Т.Ө. аттуу эркек адам газга ууланып, шахтанын ичинде топтолгон сууга түшүп каза болгон.

Окуя болгон жерге 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын жансыз денесин чыгарып туугандарына өткөрүп беришкен.

Exit mobile version