Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү үчүн инвесторлор да тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу «Кыргызалтын» ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, Кызыл-Омполдун Таш-Булак тилкесиндеги кендин жалпы запасы 131 млн куб метр. Титаномагнетиттин кору 1,6 млн тоннаны түзөт. Ошондой эле ал жакта уран, торий, фосфор жана цирконий бар.
«Биз лицензияны кечээ гана алдык. Эреже боюнча биз долбоорун түзүп, экспертизадан өтүп, андан кийин гана жумушка кирише алабыз. Азыр «Кыргызалтын» өз мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Инвестор да тартылышып да калышы мүмкүн», — деди ал.
Сатыбалдиев билдиргендей, эгер Кызыл-Омполду иштетүүгө инвестор тартылып калса, Кыргызстандын үлүшү канча болору сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен билинет. Ал сүлөшүүлөрдө улуттук кызыкчылык эске алынарын айтты.
Анын айтымында, Таш-Булак тилкеси Боомдон Нарынга кайрылып Кочкорго кеткен жолдун оң тарабында жайгашкан.
Эскерте кетсек, 2019-жылы Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселеси көтөрүлүп, анда ага коомчулук каршы чыккан. Аталган демилгеге каршы нааразылык акциялары, жөө жүрүштөр өтүп, жыйынтыгында уран кени иштетилбей турган болгон. Аны утурлай эле парламент Кыргызстанда уран жана торий кендерин чалгындоого, казып алууга тыюу салган мыйзамды кабыл алган.
Ал эми быйыл мамлекет Кызыл-Омпол кенин иштете турганы белгилүү болду. Бул тууралуу февралда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарындын Кочкор районунун тургундары менен жолугушканда билдирген. Анда Жапаров Кызыл-Омполду мамлекет өзү иштете турганын, аны уран кени эмес, титаномагнетит кени деп атоо туура болорун, Кызыл-Омполдогу урандын коркунучу жок экенин айткан.
Кийинчерээк парламент уранды казууга киргизилген мораторийди жокко чыгарган мыйзам кабыл алып, ага президент кол койгон.
Садыр Жапаров уран казууга уруксат берген мыйзамга кол койду