Site icon Reporter.kg

Кызыл-Таш – Зардалы жолун 389,2 млн сомго салуу пландалууда

Баткенде Кызыл-Таш – Зардалы жолун салуу пландалууда. Жолду кура турган компанияны аныктоо үчүн тендер жарыяланды.

Аталган жолдун узундугу 4,2 чакырымды түзөт. Аны курууга 389 млн 223,1 миң сом каралган.

Тендер боюнча арыздар 22-октябрга чейин кабыл алынат.

Exit mobile version