Site icon Reporter.kg

Кызына той берген Өмүрбек Текебаевге айып салынды

Өмүрбек Текебаевдин кызынын үлпөт тоюнда 50дөн ашык адам чогулганы үчүн айып салынды. Бул тууралуу “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү Зарылбек  Шермаматов билдирди. 

Анын айтуусуна караганда тамада, ресторанда элди тейлеген кызматкерлер кошулганда адамдар 50дөн ашып кеткен. 

“Өмүрбек Текебаев кызына той өткөрүп 50 адамдан тамада, ресторанда элди тейлеген кызматкерлер чогулуп көбөйүп кеткен экен айып пул салыптыр. Ал эми азыркы бийлик 2000 миң адамды топтоп алгандарын көрүп жатабыз. Шайлоо убагында дагы бир гана “Ата Мекен” үчүн карантиндик чектөө иштеп, барган жерлерде жолугушууда тоскоолдуктар жаралган эле”, — деди Шермаматов.

Белгилей кетсек, 26-октябрда Өмүрбек Текебаев тун кызы Ай-Данек Текебаеваны турмушка узаткан. 

Социалдык тармактарга тойдо тартылган видеолор жарыяланып, анда ырчы Мирбек Атабеков ырдап, Текебаев жубайы Айгүл Текебаева менен бийлеп жатканын көрүүгө болот.  

 

Exit mobile version