Site icon Reporter.kg

«Кызыңыз кырсыктап, ооруканага түштү. 550 миң сом керек». Бишкекте аял киши шылуундарга алданды

Бишкекте телефон аркылуу алдамчылык кылган делип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 30-майда белгисиз адамдар аял кишиге телефон чалып, кызы жол кырсыгына кабылып, ооруканага түшкөнүн билдирген. Кызынын дарылануусу үчүн шашылыш түрдө 550 миң сом берүүсүн талап кылышкан. Аял киши акчаны телефон чалган адамдар жөнөткөн курьер аркылуу берип жиберген. Кийинчерээк ал шылуундардын тузагына түшүп калганын билген. Ага байланыштуу алданып калган аялдын кызы милицияга арыз жазган.

Кылмыштын изи сууй электе милиция шектүү катары 27 жаштагы А.И. аттуу жаранды кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0(505) 10-65-65, 0(508) 88-55-44 же 102 номеринин бирине кабар берүүсүн суранат.

Exit mobile version