Site icon Reporter.kg

Lalafo сервисинин кызматтары үчүн MegaPay’дин жардамы менен комиссиясыз төлөм жүргүзүү

Сиздер сурадыңыздар – биз аткардык! Мындан ары MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун абоненттери lalafo сервисинин акы төлөнүүчү кызматтарына MegaPay’дин жардамы менен комиссиясыз төлөй алат. Эми lalafo’дон бизнес-профилди сатып алууга, жарыяларды жайылтуу үчүн акы төлөнүүчү жарнамаларды берүүгө, капчыкты толуктоого бир нече секундалар гана кетет.

«Lalafo’нун 30%га жакын колдонуучулары MegaCom’дун абоненттери. Буга чейин биз кардарлардан Lalafo кызматтары үчүн төлөмдү жүргүзүүнү MegaPay тиркемесине кошуу боюнча көптөгөн өтүнүчтөрдү уктук. Буга байланыштуу бул мүмкүнчүлүктү ишке ашыруу чечими кабыл алынды. Колдонуучулардын өтүнүчүнө маани берип, кардарларга биздин капчыкты толуктоого жаңы инструмент түзүп бергенибизге кубанычтабыз», – деп белгиледи lalafo-Кыргызстандын директору Дарья Суходолова.

Lalafo кызматтары үчүн MegaPay’де төлөмдү кантип жүргүзүү керек:

Даяр! Комиссия – 0 сом.

Кызмат бир нече мүнөт ичинде активдешет.

Белгилей кетсек, акыркы ай ичинде эле lalafo сервистерин 1,8 миллиондон ашык кыргызстандык колдонду, ал эми суткасына орто эсеп менен 300 миң уникалдуу колдонуучулар сервистин кызматтарын пайдаланат. «Lalafo’до жарнама» кызматы сервистин колдонуучуларынын жарыяларынын жайылуусуна жана алардын кирешесинин көбөйүшүнө жардам берет.

 

 

Exit mobile version