Lamborghini`нин номери өзгөрдү. Файзиев окуя боюнча эмне дейт?

Lamborghini`нин номери өзгөрдү. Файзиев окуя боюнча эмне дейт?

«Elite House» компаниясынын директору Тимур Файзиев Ламборгиниге тагылган номер боюнча түшүндүрмө берип, унаага тагылган номер жасалма эмес экенин айтты.

Файзиевдин билдиришинче, бул окуяда адамдык факторго байланыштуу катачылык кеткен.

Lamborghini Huracan унаасына тагылган 01KG001ADC мамлекеттик номур Mercedes-Benz S 450 Maybach унаасына таандык болгон. Ишкер бул унаа анын  апасына тиешелүү экенин айтты. Ал эми Lamborghini`ге 01KG001ADL мамлекеттик номур тиешелүү болгон. Катачылык аныкталары менен номур алып салынган.

[su_image_carousel source=»media: 20493,20497,20492″ crop=»none» autoplay=»4″]

Айта кетсек, 10-феварль күнү саат 14:10 чамасында Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жасалма номур тагылган Ламборгини унаасы токтоп турганы боюнча «102» аркылуу Бишкек шаардык милициясына билдирүү түшкөн.

Айтылган жерге барган ыкчам топ Ламборгиниге тагылган номер жасалма экенин аныктап, Биринчи Май райондук ыкчам-тергөө тобун чакырган. 

Унааны айып короого алып кетүү учурунда 28 жаштагы айдоочу кайгуул кызматынын жумушуна тоскоолдук көрсөткөн. Бирок көп өтпөй ал унааны өзү айып короого айдап барган.

Ал эми ишкер Тимур Файзиевге таандык делген Lamborghini унаасына тагылган мамлекеттик номер башка бирөөгө таандык экенин  биринчилерден болуп Активист Болот Ибраимов жазып чыккан.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>