Lancet: «Спутник V» вакцинасы сыноонун үчүнчү баскычында 91,6% натыйжалуулукту көрсөттү

Lancet: «Спутник V» вакцинасы сыноонун үчүнчү баскычында 91,6% натыйжалуулукту көрсөттү

Дүйнөдөгү эң абройлуу илимий басылмалардын бири эсептелген Lancet журналы коронавируска каршы Орусиянын «Спутник V» вакцинасын изилдөөнүн үчүнчү баскычынын алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Анда вакцинанын натыйжалуулугу 91,6% түзгөнү жазылган.

Изилдөөгө 19 866 ыктыярчы катышып, 21 күндүн аралыгында аларга эки дозадан вакцина сайылган. Сыноонун жүрүшүндө төрт катышуучу каза болгон. Алардын үчөөнө вакцина сайылып, төртүнчүсү плацебо алган. Бирок адистер ыктыярчылардын өлүмүн «Спутник V» вакцинасы менен байланыштырышкан жок.

Мындан тышкары 45 киши дарынын кесепетине даттанышкан. Бул жалпы сыноого катышкандардын 0,3% түзөт.

«Спутник V» вакцинасы Орусияда сыноонун толук жыйынтыгы жарыялана электе катталган. Бул жараян саясий билдирүүлөр менен коштолгондуктан, бир топ эксперттер менен илимий чөйрөнүн өкүлдөрү анын натыйжалуулугуна күмөн саноо менен карап келишкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>