Лазат Нуркожоеванын жигити 3-августка чейин камалды

Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков 3-августка чейин тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди. Сот 6-июлда анын бөгөт чарасын караган. Бирок анын кармалганы тууралуу маалымат 9-июлда гана маалым болду. Афтандил Сабырбеков Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-пункту боюнча (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) шектелүүдө. … Читать далее Лазат Нуркожоеванын жигити 3-августка чейин камалды