Site icon Reporter.kg

Президенттик администрация Лазат Нуркожоеванын жигити кармалганын таксыктады

Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигит Афтандил Сабырбеков кармалды. Аны президенттин пресс катчысы Аскат Алагөзөв таксыктады.

Анын айтымында, «колун суроо» иш чарасынан кийин Афтандил Сабырбеков боюнча маалыматтар топтолду.

«Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар. Баса белгилей кетсем, президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт», — дейт Аскат Алагөзөв.

Укук коргоо органдарынын маалыматында, Афтандил Сабырбеков баңги затты даярдоо жана таркатууга шектелүүдө. Буга чейин ал жигиттин Бишкекте түнкү клубу бар экени кабарланган.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Афтандил Сабырбековдун ата-энеси Екатеринбургда бизнес менен алектенгенин, өзү Орусиянын Тажикстандагы аскер базасында кызмат өтөгөнүн жазган.

Афтандил Сабырбеков 24-июнь күнү Лазат Нуркожоеванын колун суроодо ысырапкорчулукка жол бергени үчүн Садыр Жапаров кечирим суроого аргасыз болгон.

“Ойлонсо болмок”. Президент карындашы үчүн кечирим сурап, колун сураган жигитти сындады

Exit mobile version