Site icon Reporter.kg

Лейлек районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Бүгүн, 3-майда Лейлек районунда селден кийинки калыбына келтирүү жана анын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

2-май күнү кечке жуук жааган нөшөрлүү жаандан улам Кара- Булак, Тогуз-Булак айыл аймактарында жана Исфана шаарында сел жүрдү.

Анын кесепетинен унаа жолдор, ички көчөлөр, бала бакчанын, үйлөрдүн короолору ылайгы жана селдин ылай сууларына толуп калган.  Учурда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тазалоо иштерин жана келтирилген чыгымдарды эсептөөнү жүргүзүп жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ Лейлек районунда жүрөт.
[su_image_carousel source=»media: 27498,27497,27495,27494,27496″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version