Лейлек районунун 48 жаштагы тургуну өз айылдашын атып салды

Лейлек районунун 48 жаштагы тургуну өз айылдашын атып салды

Лейлек районунун Бешкент айылынын 48 жаштагы тургуну өз айылдашын атып өлтүрдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой,  милицияга окуя тууралуу маалымат 27-октябрь күнү түшкөн. Ыкчам топ окуя болгон жерге барып, 25 жаштагы жигиттин желкесине тийген октон улам каза болгондугун аныкташкан.

Бул кылмышка шектүү катары 28-октябрь күнү ошол эле айылдын тургуну 48 жаштагы Х.Д. кармалган. Ал сайсыз курал менен маркумду өз үйнөн желкеге атканы аныкталган.

Бул факты Жазык кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси  менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>