Лейлек районунун Исфана шаарында үйүнүн короосуна апийим өстүрүп келген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициядан билдиришти.
Апийимди жулуп, таразага тартканда 50 килограммга жакын болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
