Site icon Reporter.kg

Лейлекте короодон уурдалган кочкорлор мал базардан табылды

Лейлекте мал уурулукка шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Катраң айылынын эки тургунунун мал сарайынан кочкорлор жоголгон. Көп өтпөй уурдалган мал базардан табылды. Аны шектүү сатууга аракет жасаган.

Кылмышка шектелип кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version