Site icon Reporter.kg

Лейлекте тургундун үйүнөн курал-жарак, ок-дарылар табылды

Баткенде тургундун үйүнөн курал-жарак, ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Лейлек РИИБинин кызматкерлери 31 жаштагы район жашоочусунун үйүн тинтүүгө алышкан.

Анын натыйжасында автоматтын октору, тетиктери, бычактар, ок жасоочу каражат жана1 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылган.

Табылган курал-жарактарга экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталган.

[su_image_carousel source=»media: 32527,32526,32525″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version