Лейлектеги “Апрельское” алтын кенин иштетүүгө эл каршы чыгууда — ВИДЕО

Лейлектеги “Апрельское” алтын кенин иштетүүгө эл каршы чыгууда — ВИДЕО

Лейлектеги алтын кенди иштетүүгө эл каршы. Мындай билдирүүнү социалдык тармактын колдонуучулары жарыялады.

Маалым болгондой, жыйынга Катраң айыл аймагынын 500гө жакын жергиликтүү тургундары катышып, Өзгөрүш айылынын күн батыш тарабында жайгашкан “Алмалуу” тоосунда орун алган ”Апрельское“ алтын кенин иштетүүгө каршы экендиктерин билдиришип, айылдык кеңештин төрагасы Сапарали Бөрүбаев элдин атынан сөз сүйлөгөн.

Алардын айтымында, аймактан алтын казылса иштетилген кендин калдыктары дарыяга түшүп Бүтүндөй «Козу-Баглан» дарыясынын суусу булганып, Лейлек тургундарынын жана жан жаныбардлардын ден-соолугуна чоң зыяны тийет.

“Лейлек районунун тургундарын бүтүндөй суу менен камсыз кылган «Козу-Баглан» дарыясынын (тарыхта «Козу-Баян», «Кожо-Бакырган-Сай» деп эскерилет) баш жагында жайгашкан, тагыраак айтканда мөңгүлөр ээрип, булактар жер астынан атып чыккан Түркестан кырка тоолоруна туташкан тоолордон 60 миң гектардан ашуун тоону казып алтынын иштетмек болууда. Бул кен Катыраң айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан.

Иштетилген кендин калдыктары дарыяга түшүп Бүтүндөй «Козу-Баглан» дарыясынын суусу булганып Лейлек тургундарынын ден-соолугуна, дарыядан суу ичкен канаттуу, мал-жандыктарга залакасын келтире турган чооң коркунуч бар экенин эске алып Катыраң айыл өкмөтүнун тургундары нааразычылык митингине чыгышты.

Эске сала кетсек бул алтын кен болжол менен мындан 9 10 жыл мурда ачылып, бир аз иштетилип, иштетилип чыккан калдыктар, уулуу заттар дарыяга кошулуп андан суу ичкен мал жандыктар өлүп, мутант көзу улак, музоолор төрөлүп, бүтүндөй эл каршы көтөрүлүшкө чыгып, бийлик реакция кылбагандыктан Лейлек-Бишкек жолун эл тосуп, айрыкча Тажикистанга кирген жүктөрдү, бензин, соляркаларды өткөзбөй, элдер алтын кенди өз күчтөрү менен жаап, иштетүүгө жол бербей койушкан.

Эл оозунда айтылган маалыматка таянсак. Бул алтын казылган жерден

Орто Азия боюнча топурактын эң аз составынан көп алтын чыккан жер — деп изилдеп келген алтын казуучулар белгилешкен”, — деп айтылат билдирүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>