Site icon Reporter.kg

Лейлектен Тажикстанга мал алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды

Кыргыз-тажик чек арасында 14 баш ири мүйүздүү мал кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Аны кыргыз жараны Тажикстанга сатуу үчүн Лейлек районунун Сарай жергеси аркылуу алып өтмөкчү болгон. Малдын жалпы баасы болжол менен 2 миллион 600 миң сомду түздү.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасы жабык. Бирок ага карабай аткезчилик жолу менен ар кандай товарлар өтүп жатканы кабарланып келет.

Баткен аркылуу Тажикстанга күйүүчү майдын аткезчилиги улануудабы? (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version