Site icon Reporter.kg

Лейлектин Мурас айылында 22 млн сомго спорт комплекс курулат

Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагындагы Мурас айылында курула турган спорт комплекстин пайдубалына капсула салуу аземи болду.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, аземге 19-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева катышты.

Айыл тургундарынын саламаттыгын чыңдоодо курула турган спорт комплексинин мааниси чоң экенин белгилеген депутат Камила Талиева: «Имаратты тез арада бүткөрүп, пайдаланууга берүү зарыл», — деди.

Белгилей кетсек, спорт комплексинин курулушуна мамлекеттен жалпы 22 млн сомдон ашуун каражат каралган.

Мындан тышкары эл өкүлү жергиликтүү тургундар менен да жолугушуп, социалдык-инфраструктуралык көйгөйлөрдү талкуулады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version