Site icon Reporter.kg

«Лексус-470» унаасын айдай качып, кырсыкка кабылган жаран кармалды 

Балыкчыда дүкөндүн алдында токтоп турган жол тандабасты айдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-ноябрда Балыкчы шаардык милициясына 1988-жылы Б.М. арыз менен кайрылып, бир күн мурун ага тиешелүү «Лексус-470» үлгүсүндөгү автоунаасын Балыкчы шаарынын дүкөндөрүнүн биринин алдынан белгисиз жаран айдап качып кеткендиги жөнүндө билдирген. Жабырлануучуга келтирилген чыгым 25 миң долларды түзгөн.

Аталган факт каттоого алынып, «Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүү автоунааны айдап качып бара жаткан жеринен, Чолпон -Ата шаарынын кире беришиндеги көпүрөнүн тушунан жол кырсыгына учураган жеринен кармалган.

Шектүү Балыкчы шаарынын 27 жаштагы М.Б. аттуу тургуну болуп чыкты. «Лексус-470» үлгүсүндөгү автоунаа жараксыз болуп калган жана далил зат катары Балыкчы шаарынын айып короосуна киргизилген.

Жүргүзүлгөн алгачкы суракта, шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Балыкчы шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version