Ленин чокусунда жоголгон альпинисттин сөөгү табылды

Ленин чокусунда жоголгон альпинисттин сөөгү табылды

Чоң-Алай районунун Ленин чокусунда жоголгон орусиялык альпинисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилигинен билдиришти.

ӨКМден 10 куткаруучу жана Ак-Сай-Тревел туристтик компаниясынан 6 альпинист 4-август күнү  орусиялык альпинисттин сөөгүн 6200 метр бийиктиктен табышкан.

Белгилей кетсек, орусиялык алпинист 27-июлдан бери изделүүдө.  Буга чейин издөө иштерине тик учак да тартылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>