Казакстандын Павлодар облусунун жергиликтүү кеңешинин депутаттары айрым айылдардын аталышын өзгөртүү боюнча сунушту колдоду. Бул тууралуу Tengrinews.kz кабарлайт.
Ага ылайык Ленин айылы — Атамекен, Озерное – Майлы деп аталат.
Андан тышкары, Бобров айыл аймагы — Жанабет, Федоров аймагы – Томарлы, Вернен айыл аймагы – Алтай, Воскресенск – Аулиегаш, Березовка айылы – Аккайын, Трофимов — Каржылкол болуп өзгөрдү.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда дагы айрым калктуу конуштардын аталышын кыргызчага алмаштыруу сунушу айтылып келет.
2022-жылдагы Элдик курултайда төрага Нурланбек Шакиев Бишкектин төрт районунун аталышын алмаштыруу керектигин айткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз