Site icon Reporter.kg

Ленин, Озерное, Березовка айылдарынын аталышы өзгөрдү

Казакстандын Павлодар облусунун жергиликтүү кеңешинин депутаттары айрым айылдардын аталышын өзгөртүү боюнча сунушту колдоду. Бул тууралуу Tengrinews.kz кабарлайт.

Ага ылайык Ленин айылы —  Атамекен, Озерное – Майлы деп аталат.

Андан тышкары, Бобров айыл аймагы — Жанабет, Федоров аймагы – Томарлы, Вернен айыл аймагы – Алтай,  Воскресенск – Аулиегаш, Березовка айылы – Аккайын, Трофимов — Каржылкол болуп өзгөрдү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда дагы айрым калктуу конуштардын аталышын кыргызчага алмаштыруу сунушу айтылып келет.

2022-жылдагы Элдик курултайда төрага Нурланбек Шакиев Бишкектин төрт районунун аталышын алмаштыруу керектигин айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version