Ленин райондук ИИБнын 32 жашта кызматкери мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Ленин райондук ИИБнын 32 жашта кызматкери мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору, милициянын капитаны Феруза Кенжесериева мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу аталган райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Кенжесериева көптөн бери өнөкөт оору менен жабыркап келген.

«Кызматкерибиздин жоготулушуна чын жүрөктөн өкүнөбүз. Бул биз үчүн чоң жоготуу. Феруз Керимбековнанын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат», — деп жазат басма сөз кызматы.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору, милициянын капитаны Феруза Кенжесериева 1989-жылы Чүй облусунун Кемин районунда туулган. Ички иштер министрлигинин Академиясынын бүтүрүүчүсү.

Анын артында жолдошу жана үч баласы калды.

Reporter.kg сайты маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>