Жыргалбек Шакиев Бишкектин Ленин районуна аким болуп дайындалды.
Өмүр баяны
Жыргалбек Шакиев 1979-жылдын 19-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен айылында туулган.
Үй-бүлөдө төрт бир тууган.
Эмгек жолу:
— 2020-жылы «Мекенчил» партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан;
— 2021-жылы төрт ай Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими болуп иштеген;
— 22021 — 2023-жылдар аралыгында Чүй облусунун Чүй районунун акими;
— 2023-жылдын 18-июлунда Бишкектин Ленин районунун акими болуп дайындалды.
Жыргалбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бир тууган иниси.