Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыкты

Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыкты

Бюджеттин акчасын мыйзамсыз бергенге шектелип, 29-мартта кармалган Бишкек шаарынын Ленин районунун мурунку акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянуу менен жазышууда.

Маалыматка ылайык, шектүүнү үй камагына чыгаруу чечимин Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Билдирүүгө таянсак, сот отурумунда прокурор үй камагына алуу түрүндө баш коргоо чарасын сураган. Сот мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчүн канааттандырган. Себеби Чынасыл Чыныбаев буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес жана туруктуу жашаган жери, үй-бүлөсү бар экени эске алынган.

Белгилей кетсек, 29-мартта УКМК Бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкек мэриясынын райондук администрация башчысы Чынасыл Чыныбаевди кармаган.

Ал бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталган.

Ошол эле күнү, мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун буйругу менен Чынасыл Чыныбаев кызматтан бошотулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>