Site icon Reporter.kg

Бишкектин Ленин районунун акиминин жаңы орун басары дайындалды

Бейшеке уулу Адилет Ленин райондук администрациясынын башчысынын турак-жай, коммуналдык чарба, курулуш жана транспорт маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Бейшеке уулу Адилет буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенген.

 

Exit mobile version