Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын комиссиясы лицензиясы жок иштеп жаткан 212 жеке менчик медициналык мекемени аныктады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 142, Чүй облусунда – 37, Ош жана Ош облусунда – 33 медициналык мекеме аныкталган.
Алсак, лицензиялык талаптарды бузгандыгы жана санитардык-эпидемиологиялык режимди сактабаганы үчүн, ошондой эле лицензияланбаган ишмердүүлүк үчүн өлкөнүн “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык 251 субъектиге айып пул түрүндө жаза колдонулган.
“Жалпы суммасы 1 млн 449 миң сомду түзгөн, 256 жазуу түрүндө эскертүү берилди”, — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз