Улуттук банк накталай чет элдик валюта менен алмашуу операцияларын жасаган жаранга айып пул салган. Бул тууралуу аталган банктын расмий сайтында жарыяланды.
Маалым болгондой, Кыргызстандын жараны А.у.А. Улуттук банктын лицензиясы жок валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн. Ага 17,5 миң сом айып салынган.
Белгилей кетсек, бир катар улуттук валюталардын туруксуздугунун фонунда интернетте жеке адамдардын алмашуу операцияларын жүргүзүү сунуштары менен жарнактар пайда болгон.