Site icon Reporter.kg

Өлкө башчы куткаруучулар күнү менен куттуктады

Бүгүн, 1-июль куткаруучулар күнү. Президент Сооронбай Жээнбеков аталган кызматтын ээлерин куттуктады.

Өлкө башчы куткаруучулар түйшүктүү, ары сыймыктуу кесипти аркалап, күн сайын табияттын күтүлбөгөн кырсыктарына каршы күрөшүп келишерин айтты.

«Куткаруучулардын иши өтө татаал, көп кырдуу жана опурталдуу. Кандай гана катаал кырдаалдарда болбосун куткаруучулар ар дайым ыкчам жана чечкиндүү аракеттерге даяр болушат. Сиздер түйшүктүү, ары сыймыктуу кесипти аркалап, күн сайын өз өмүрүңүздөрдү тобокелге салуу менен табияттын күтүлбөгөн кырсыктарына каршы чыныгы баатырларча күрөшүп келесиздер.

Куткаруучулардын сапаттуу жана заманбап техникалар менен камсыз болушуна камкордук көрүү, алардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү, ошондой эле кесипкөй жаш куткаруучуларды даярдоо — мамлекеттин милдети», — деп айтты куттуктоо сөзүндө.

 

Exit mobile version